БИЗДЕ ЧОЧКОНУН ЭТИ КОШУЛГАН КОЛБАСАНЫ ДЕЛЕ ХАЛАЛ ДЕП САТА БЕРСЕ, КИМ БИЛИП КОЮПТУР? ЭЛ ИШЕНЕ БЕРЕТ ДА.

Суроо: Бизде чочконун эти кошулган колбасаны деле  халал деп сата берсе, ким билип коюптур? Эл ишене берет да.

Акылбек Абдраев, Тогуз-Торо

Жооп: Колбасада чочконун эти бар же жоктугу мамлекеттик стандарттан өтүп жатканда аныкталат жана керектөөчү мамлекеттик лабараториянын кагаздарын текшерсе болот. Тилекке каршы кээ бир коррупциялык өзгөчөлүктөрдөн улам, бизде лабораторияны да алдап, же андан тастыктаманы сатып алган учурлар да кездешүүсү ыктымал. Бирок, эртеби, кечпи бул иш ачыкка чыгат жана өндүрүшчү керектөөчүнү алдаганы үчүн мыйзам алдында жоопко тартылат.

Эгер биз адалдыгын тастыктаган колбаса өндүрүшүнө күмөн пайда болсо, албетте, биздин борбор алгач мамлекеттик кайрадан лабараториядан өтүүсүн талап кылат жана ошого эле катарлаш кол астындагы РФнын «Хема медикал» компаниясы тарабынан чыгарылган атайын иммунохроматологиялык негиздеги тестрлер менен анын курамын гендик деңгээлге чейин аныктаганы аракет жасайт. Анүчүн колбаса заводуна баруунун кажети деле жок. Дүкөндөн эле сатып алып текшерсе болот.

Эгер адал колбасаны дүкөндө арам колбасага иштетилген бычак менен кессе да чочконун гени көрсөтүлөт.   Бул тесттрлердин ошондой эле кондитер азыктарындагы (торттор, конфеттер, печенье ж.б.), ширелердеги, суусундуктардагы спирт же башка алкоголь заттарын аныктоочу түрлөрү да бар.