БИЗ АДАТТА ЧОЧКОДОН ЖАСАЛГАН КОЛБАСАНЫ АРАМ ДЕП, МАЛДЫН ЭТИНЕН БОЛСО АДАЛ ДЕП ЭСЕПТЕЧҮБҮЗ. УШУ ТУУРАБЫ?

Суроо: Биз адатта чочкодон жасалган колбасаны арам деп, малдын этинен болсо адал деп
эсептечүбүз. Ушу туурабы?

Асель Карымшакова, Москва ш.

Жооп: Тилекке каршы көпчүлүк арам десе чочкону эле ойлойт. Уйдун этинен жасалган колбаса
да арам болушу мүмкүн. Технология боюнча колбаса уйдун, койдун, тооктун, каздын, өрдөктүн
эттери, сыр, бойоктор, соя, даам чыгаргыч, консервант, ароматизаторлор ж.б. толтура заттардан
турат. Булардын ар бири адал же арам болушу мүмкүн. Эгер эт Аллахтын аты менен союлбаса
же туура эмес союлса, өлтүрүлсө, ток менен урулса, балта менен чабылса, же өлгөн малдыкы
болсо да арам болот. Эгер бойоктор курт кумурскадан алынса — арам, соя арам жаныбардын
гени менен модификацияланса — арам, же колбасанын ичиндегилерди кармап туруу үчүн
колдонгон желатин (коллагендердин денатурциясынан алынган заттар) арам жаныбардан
алынган болсо — арам болот. Андан ары ал колбасаны арам кошуп ыштаса да, арамга кошуп
ташыса же арам кескен бычак менен кессе да адал тастыктоосу берилбейт. Мына ушунун баары
арам кошулуп кетпегендей кылынып уюштурулат анан тастыкталат жана сакталуусу
көзөмөлдөнөт. Биздин борбор ушуга жооп берет.