«Нахла Хайрия Коомдук Фонду» жана «Айымдар өнүктүрүү борбору» тарабынан уюштурулган «Адал да анык, арам да анык» аттуу тренинг болуп өттү

«Нахла Хайрия Коомдук Фонду» жана «Айымдар өнүктүрүү борбору» тарабынан уюштурулган, Кыргызстан халал индустриясын өнүктүрүү борборунун мүдүрү Мыктыбек Арстанбектин «Адал да анык, арам да анык» аттуу тренинги болуп өттү. Катышуучулар негизинен коомдук фондулардын мүдүрлөрү, мугалимдер жана борбор калаанын студенттери болду. «Адам эмнени жесе ошосуң» дегендей, адалдын жашообузда маанилүүлүгү, тамак ашыбыздын тазалыгы айтылып кетти. Негизинен, коомубузга адамдын адам болуп чыгышы, энелерибиздин тарбиясынан болот эмеспи. Анын сыңарындай, бул тренингде ата эненин баласына берген тарбиясы, акыл насааты маанилүү экени, жана да, баланын кыялдануусу, анын орундалышы, эне атанын түздөн түз милдети айтылып кетти. Бул тренингге конок катары, балалык кыялын орундатып, өзүнүн учагы менен Жер шаарын 58 күндө айланып чыккан Союзбек Салиев да катышып, бул кыялын жана кызыктуу саякатын, апасынын жаркын энесине арнаганын айтып кетти.