«ХАЛАЛ БРЕНДИ»

Халал стандарты бренд болуп кетпейби?

Жооп: Негизи адал бренд болуусу керек жана зарыл. Анткени, адал – Жаратуучунун алдындагы жоопкерчиликти талап кылган өзгөчө маданиятты көрсөткөн белги. Бул жоопкерчиликтен жаран, коом жана мамлекет алдындагы кынтыксыз тазалыктын талаптары келип чыгат жана бул талаптарды коомго жаюу – адал кыймылын брендге айландырат. Бул кыймыл адамдын бүт жашоосун – тамак-аштан баштап чоң саясатка чейинки мейкиндикти камтый алат.

Тилекке каршы, азырынча биздин коомдо адал тамак-аш тууралуу гана кеп кылууга туура келет. Ошондо да адалдан алыс тамак-аш өндүрүшү бул кыймылдын жайылуусуна анчейин кызыкдар эмес. Тетирисинче, «адал – бизнес болуп кетти», «адал — бренд болбошу керек» сымал негизсиз  жана бүдөмүк ойлорду таратып, коомдук пикирди чайкоо менен адалга бөгөт койгон учурлары көп кездешет.

Ошого карабай, Кыргызстан адал индустриясын өнүктүрүү борбору рынокко чыккан ар бир азыктын түрүнүн адалы да болуусун каалайт. Анткени, керектөөчүнүн адалды таап, аны тандоого укугу бар. Демек, Шариат талаптарына шайкеш өндүрүлгөн азыктардын адал бренди менен таанылуусу жана рынокко сунуш кылынуусу табигый көрүнүш.

Ошол эле учурда адал бренди азыктын эң алдыңкы сапатын талап кылат. Адал бренди эң сапаттуу өндүрүмдүн гана көрсөткүчү болуусу зарыл. Тагыраак айтканда, адал бренди санитардык, гигиеналык, ж.б. техникалык талаптардын Шариат гана эмес алдыңкы колдонуудагы эл аралык нормаларын да камтыган көрсөткүч болуусу керек.

Керектөөчү адал бренди менен эң сапаттуу азыкты, тейлөөнү  алуусун камсыздоо керек. Кээ бир алдыңкы мамлекеттер ушуга бет алды жана азыр адал бренди сапаттык көрсөткүчү боюнча белгилүү эл аралык стандарттарды да артта калтыра баштады