«ХАЛАЛ ТУУРАЛУУ УШАКТАР»

Эмнеге азыр халал борборунун  тегерегинде ушактар айтылып жатат, буга кимдер кызыкдар?

Жооп: Албетте, ар кандай кыймыл пайда болоору менен ага каршылык да пайда болот. Тагырагы кыймыл каршылыктын шартуу белгиси. Ошондон улам биз каршылыктарды  адалдын кыймылынын далили катары карайбыз.

Ар бир кыймылдын өнүгүүсүн шарттаган кырдаалдар болот. Алардын эң олуттуусу албетте, кыймылга таасир берген каршылыктар. Ошондуктан биз адал кыймылына ичтен жана сырттан таасир берген ар бир каршылыкты терең изилдегени аракет жасайбыз.

Каршылыктардын көбү кабарсыздыктан жана маалыматтын жетишпегенинен келип чыгат. Биздин коом али адал тууралуу толук маалыматы да жана аны үйрөткөн адистери да али жок. Ошондуктан жашоонун ар кайсы чөйрөсүндө, мамилелерде, рынокто пайда болгон адал маселелерине байланыштуу жаңы кубулуштар, түшүнүктөр сөзсүз каршылыкты туудурат. Кээде жөнөкөй эле маселе коомдук деңгээлдеги пикирге айланып кеткен учурлары да кездешет. Адатта, мындай кырдаалдар түшүндүрүү иштери менен ордуна келет.

Бирок кээде мындай «будуң-чаңдын» борборунда кайсыдыр кызыкдар топтордун турганы да да  байкалып калат. Алардын кээлери кандайдыр идеологиялык максатты аркаласа, кээлери жөн гана кырдаалдан пайдалангысы келгендер. Аткени, адал индустриясы келечектүү жана олуттуу маселе. Кимдин андан пайдалангысы келбесин? Бул табигый көрүнүш.

Кыргызстан адал индустриясын өнүктүрүү борбору тууралуу да ар кандай ушактар тараганы маалым. Эң оболу адал тастыктоо кызматы «акча табуунун ыкмасы» дегендер болду. Андан кийин «сертификат сатылат экен», «адал жалган» дагы башка кептер тарады. Биздин уюм да кол куушуруп отурган жок. Ал коомдо пайда болгон ар бир кепти терең изилдеп, ага сөзсүз жооп кайтаруу менен анын маанилүүлүгүн жокко чыгарып жатты. Натыйжада, акча табам деп адалга көз артып ушак тараткандар – бул чөйрөдө акча оңой келбесин, анын жоопкерчилигин түшүнүштү. Ал эми адал чындыгында пайдага эмес, а берекеге багытталганын түшүнгөндөрү бизди колдоого өттү. Ал эми каршылыктан тажаганы жөн эле башка иштер менен алек болуп кетишти. Эң өкүнүчтүүсү арасында бизди жамандоо үчүн адалды каралагандар да болду. Аларды Аллах Өзү кечирсин.

Адал жана арам Аллахтын чектери жана бул чектерге аяр мамиле жасоо керек. Аллахтын өкүмдөрүн маскаралап, аз келгенсип адалды токтото туруу же жаап коюу тууралуу кептер зеен кийитет. Канткенде да аларга да Аллах каарын сабасын деп тилейбиз.

Анын үстүнө элибиз кыраакы, жакшы жаманды ылгап,  тааныйт. Ошондуктан адал маселесинде этият мамиле кылган оң.