«ХАЛАЛ ЖАНА АРАККАНА»

Арак ичилген ашканалардын тамагы адалды?  Аларга халал сертификаты берилеби?

Жооп: Шариат аракты арам дейт жана ал кошулган тамак да арам болуп эсептелет. Бирок, арак бир текчеде, бир столдо, бир бөлмөдө турганына карабай, тамакка түз аралашпаса, жанындагы тамакты арам кылбайт. Бир катар белгилүү аалымдардын буга тиешелүү фатвалары да бар.  Ошондон улам бизге  кандай ашкана болбосун  кайрылса, даярдаган тамагынына арам аралашпаса, анын  адалдыгын тастыктоого милдеттүбүз. Ошол эле учурда, элдин менталитетин эске алып, муфтияттын фатва бөлүмүнүн сунушу менен биздин борбор арак сатылган ашкана жана дүкөндөрдун тамагына азырынча өз алдынча  адал  сертификатын бере элекпиз. Кайсыдыр «арак ичилген ашканаларга адал сертификаты берилди» дегени калп. Т.а. биздин борбордун  тастыктоосун алган ашканаларда арак сатууга, аны тейлөөгө тыюу салынат. Бул тууралуу кардарлар алдын ала эскертилет. Ашкана жетекчилиги эрежеге баш ийбеген кардарларды ал жерден чыгарат.

Бирок, ашкана кызматкерлеринен жашырып, өздөрү ала келген арам ичимдиктерин бекитип ичкен учурлар да кездешпей койбойт. Албетте, адал сертификатка ээ болгон ашкана жетекчилиги кызматкерлеринен мындай жосунга тез чара колдонууну талап кылууга милдеттүү. Тагыраак айтканда официант оболу кардарларга бул ашканада арам ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынганын эскертип, алардан тартипти сактоону суранат. Анын сөзүнөн майнап чыкпаса ашкана жетекчилиги кийлигишип, кардарларды отурган жеринен чыгарууга чейин барууга милдеттүү. Тилекке каршы мындай жорук жашыруун болуп, аны көрбөй калган учурларда, ашкана жетекчилиги жооп бербейт.