Ассаламу алейкум! Урматтуу керектөөчүлөр! Кыргызстан халал индустриясын өнүктүрүү борборуна Манас районунда (Талас облусу) өндүрүлгөн «Султан» колбасаларынын сертификаты тууралуу суроолор келип түштү. «Султан» соода маркасы биздин борбордон эч кандай сертификат алган эмес жана өзүнүн кабыгына биздин борбордун логотибин мыйзамсыз жайгаштырган. Султан колбасалары Бишкекте жана айрым бир областтардын базарларында сатылууда. Бул амал керектөөчүлөрдү азгырат жана КРнын бир катар мыйзамдарын да бузгандык болуп эсептелет. Бугунку кундо бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы органга арыз жазылып, териштируу иштери журуп жатат.
Айтмакчы, биз ал ишкерлерди менен эч байланыша албай койдук. Балким, келечекте биздин талапка жооп берип, сертификатыбызга татыктуу ээ болот деген үмүттөбүз.

______________________________________________

Ассаламу алейкум! Уважаемые потребители! Центру развития халал индустрии поступило заявление о компании «Султан» (Таласская область) которая производит колбасные изделия не законно под нашим логотипом, не пройдя все необходимые процедуры проверки по международным стандартам халяль, что противоречит и законодательству КР и вводит в заблуждение потребителей. К сожалению мы не смогли связаться с компанией. На сегодняшний день ведется проверка Государственным агентством антимонопольного регулирования КР. Продукции компании «Султан» продаются как на рынках города Бишкек, так и в других областях.