ТАБИГЫЙ ХАЛАЛ ШЕРБЕТ «MAZZA»

Акыркы убакта эл колуна киргенди иче берчү болду. Өзгөчө, балдардын ичкен суусундуктарын көрүп, алардын келечектеги ден-соолугуна кейигенден башка арга жоктой.
Жакында эле жаңы чыккан «MAZZA» сатыкка чыгып Халал индустриясы тарабынан курамы текшерилгенден соң адалдыгы тастыкталып «халал» сертификаты берилди.
Баткендин өрүк кагынан кайнатылган, курамында бир да кошулма жок. Болгону өрүк как, суу анан бир аз кумшекер кошулган табигый колго кайнатылган шербет «МAZZA». Бул жергиликтүү табигый ичимдик бир гана суусагандыкты кандыра турган азык эмес, ден-соолука да зор пайдасы бар – аз кандуулука, жүрөк жана башка ооруларга сунуш кылынат.
Негизи орук кагы пайдалуу витаминдерге бай.
Атап айтканда A, C, PP жана ошондой эле бардык B группасындагы витаминдер, кальций, калий, натрий, кальций, темир, магний, майлар, белоктор, карбонгидрат, органикалык кислота, глюкоза, фруктоза жана сахарозаны камтыйт.
Ал эми магний, калий жана B группасындагы витаминдер катышкандыгына байланыштуу жүрөктүн иштешин бекемдейт. Ал жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу боюнча да мыкты азык. Ошондой эле, адамдын организминдеги шлактарды алып чыгат.
Жүрөк-тамыр системасы үчүн өрук кагынын пайдасы
Топуктуу, микро жана макро элементтери бар баалуу азык болуп кургатылган жемиштер эсептелинет. Айрыкча өрүктүн кагы, түрдүү ооруларды дарылоо үчүн, кондитердик азыктарды даярдоодо коп колдонулат. Өрүктүн кагынын жардамы менен организмге куч топтой алабыз. Өзгөчо жазында, кышында пайдалансак пайдалуу,себеби организмге керектүү витаминдерди бере алат.
Сурап билүү ном.:0701 200 009, 0555 655 009 Бишкек ш.

Фото Центр развития халал индустри.Фото Центр развития халал индустри.