Жакында адал тооктор пайда болот

Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Кыргызстандагы халал индустриясын өнүктүрүү борборунун кызматкерлери алдын-ала бекитилген келишимге ылайык Кемин районундагы тоок этин өндүргөн «Азия учкуну» («Искра Азии») соода маркасына тиешелүү өндүрүш мекемелерин, цехтерин кыдырып.  Кылдат изилдөөнүн жыйынтыгында «Азия учкуну» ишканасынан чыккан тоок этин шариат талаптарына шайкеш өндүрүү мүмкүнчүлүгү. Андан тышкары ишкананын жумушчуларынын өз ишине тактыгы, тазалыгы, КРндагы санитардык, фитосанитардык нормалар да сакталаары байкалды. Ишканада күнүнө 5-6 миңдей тоок союлуп, атайы жабдылган линия аркылуу тазалат. Ар бир тоокту беш маал намаз окуган касап «Бисмилляхи, Аллоху Акбар!» келмесин айтып, шариятка ылайык кол менен сойот. Аны менен атайы маек жүргүзүлдү жана кылган ишине сарэсеп салынды.

Тооктор сойгонго чейин конвейерге илинип,  12 амперлик электр тогу иргизилген суга малынат. Мында алар маң болуп, союлганда бытырап, канаттары сынып, тегеректи булгабайт. Бирок, тоок бул ток өлбөйт.  Андан ары тооктор 5 мүнөттүк конвейердик линияда кансырап, жаны чыккан соң 58-60 градус ысык даражадагы сууга киргизилет. Бул градуста тооктун эти ысыганга жетишпейт, болгону тыбытын тытууга ынгайлуу технологияда ушундай каралган. Тыбыты тытылган тооктор бөлүктөргө бөлүнүп баштары, буттары алынып, ичегилери тазаланат. Андан соң тоңдургучка салынып бир күн турат жана коробкаларга салынып таратылат.

Андан соң  борбордун кызматкерлери тоок жемин иштеп чыгарган цехти кыдырып чыгышты. Мында жүгөрү, буудай, соя, мрамор таш-күкүмдөрү андан сырткары кальций аралашкан жем даярдалат. Аталган жем жергиликтүү гана сырьедеон алынат жана ага (Кытай ж.б.)  кошулмалары кошулбайт.

Иштин жыйынтыгында «Азия учкуну» ишканасы өндүргөн тоок эттеринин адалдыгын тастыктоочу сертификат алууга толук даярдыгы белгиленди. Буюрса аталган мекеменин кызматкерлери Халал индустриясы менен келишим түзүлгөн соң тастыктоо процесси башталат.

21.05.2015