БИРИНЧИ АДАЛ ЖАРМАҢКЕ

      

Кыргызстанда адал азыктарынын алгачкы жармаңкеси 2013-жылдын 8-августунда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өткөрүлгөн. Бул жармаңке орозо айтка арналып, ага Кыргызстан халал индустриясын өнүктүрүү борборунун тастыктамасынан өткөн 37 гана ишкана өз азыктарын койгон.

  

Жармаңке үч күнгө созулган жана анын жаңылыгына карабай 330 миңден ашуун адам катышкан. Бул иш-чара кыргыз адал индустриясынын өнүгүүсүндөгү кайраттуу долбоорлордон болуп эсептелет.

Кыргызстан халал индустриясын өнүктүрүү борбору быйыл VII HALAL EXPO – 2017 жармаңкесин өткөрүүгө даярданып жатат. Айтмакчы, бул иш-чара ушул жылдын 1-2-3- сентябрында, Курман айтка карата «Grand comfort» соода борборунда өткөрүлөт жана ага адалдыгы тастыкталган белгилүү соода маркалары катышат.