ОЛУТТУУ ЖОЛУГУШУУ

Бүгүн  Кыргызстан халал индустриясын өнүктүрүү борборунун кеңсесине эки конок келди. Албетте, алар келээри тууралуу мурда эле эскертишкен жана борбордун кызматкерлери бул жолугушууга даярданып да жатышкан.

Белгиленген убакытта кеңсеге маанайлары көтөрүңкү, жүздөрү жылмайган Жанна менен Виктор кирип келишти. Виктор Линовицкий BiExpo  көргөзмө компаниясынын жетектейт, ал эми Жанна анын орун басары экен. Бул компания Кыргызстанда бир канча жылдан бери Экспо көргөзмөлөрүн ийгиликтүү уюштуруп келет. Быйыл да булар өткөргөн көргөзмө Бишкектиктерге тамак-аш жаатындагы чоң жаңылыктарды сунуштаганы жетишкен.

Эки тарап жылуу учурашып, дароо келишим бөлүгүнө өттү жана көп узабай Кыргызстан халал индустриясын өнүктүрүү борбору жана BiExpo  көргөзмө компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандум түзүү туралуу чечим кабыл алынды.

Эмики жылдан баштап Кыргызстандагы адал бренди менен өндүрүлгөн азыктар да Казакстан жана Россиядагыдай эле экспо деңгээлиндеги эл аралык көргөзмөлөргө коюлаары аныкталды. Бул жолугушуу Кыргызстандагы адал кыймылы үчүн өтө олуттуу окуялардан болду.

 

адалпресс