ХАЛАЛ СТАНДАРТЫ БРЕНД БОЛУП КЕТПЕЙБИ?

Суроо: Халал стандарты бренд болуп кетпейби?

Болот Кыдыралиев, Алма-Ата ш.

Жооп: Негизи адал бренд болуусу керек. Биз ар бир заттын адал бренди менен таанылуусун каалайбыз. Бирок, бренд деп анын сапатын карабай коюу туура эмес. Тетирисинче, адал бренди эң сапаттуу көрсөткүч болуусу зарыл. Жада калса адал брендине санитардык, гигиеналык, ж.б. техникалык талаптарга да жогорку деңгээлде жооп берген азыктарды камтуу керек.

Керектөөчү адал бренди менен эң сапаттуу азыкты, тейлөөнү алуусун камсыздоо керек. Кээ бир алдыңкы мамлекеттер ушуга бет алды жана азыр адал бренди сапаттык көрсөткүчү боюнча белгилүү эл аралык стандарттарды да артта калтыра баштады.