КУРАНДАГЫ АДАЛ ЖӨНҮНДӨ АЯТТАР

 

1. Эгер Анын айаттарына ишенсеңер, анда Алланын аты аталгандарды гана жегиле! (Анъам сүрөөсү 118 аят)
2. Алланын аты аталгандарды жебегидей силерге эмне болду? Анткени аргасыз болгон абалда, Ал силерге эмнелерди жешке тыйу салынганын ажыратып койгон. Көптөрү каалоолоруна азгырышып, илимсиздиктен башкаларды да Жолдон адаштырышат. Акыйкатта,Эгең чектен ашкандарды жакшы билет. (Анъам сүрөөсү 119 аят)
3. Алар (айтты “Бул малдар жана талаа арам. Биз каалагандардан башка эч ким алардан тамактанбоосу керек. Жону арам кылынган да малдар бар. Алланын аты айтылбай турган да малдар бар”. Мунусу жалган. Жалаа жапканы үчүн жакында (Алла) алардын жазасын берет. . (Анъам сүрөөсү 138 аят)
4. Ал малдардын бир бөлүгүн оор жүктөрдү ташуу үчүн, калганын майда жандык кылды. Алланын силерге дайардап бергенинен жегиле! Шайтандын жолдору менен жүрбөгүлө. Акыйкатта, шайтан силерге анык душман. (Анъам сүрөөсү 142 аят)
5. “Мага билдирилгендерден мен тамак үчүн: өлгөн малдын эти, кан жана чочконун этинен башка арам кылынган нерсени таппадым, анткени булар чынында эле ыплас жана булганыч жана Алладан башканын аты аталгандары (сойулгандар дагы)” – деп айт. Ким аларга умтулбай жана Алланын тыйууларын бузууну каалабай, бирок аргасыз болуп калса , анда Эгең Кечиримдүү жана Мээримдүү. (Анъам сүрөөсү 145 аят)