АРАК ИЧИЛГЕН АШКАНАЛАРГА ХАЛАЛ СЕРТИФИКАТЫ БЕРИЛЕБИ?

Суроо: Арак ичилген ашканаларга кантип халал сертификаты берилеби?

Данияр Соколов Бишкек ш.

Жооп: Шариат аракты арам дейт жана ал кошулган тамак да арам болуп эсептелет. Бирок, арак бир текчеде, бир столдо, бир бөлмөдө турганына карабай, азыкка түз аралашпаса, жанындагы тамакты арам кылбайт. Буга аалымдардын фатвалары бар. Ошондон улам бизге кандай ашкана болбосун кайрылса, даярдаган тамагынына арам аралашпаса, анын адалдыгын тастыктоого милдеттүбүз.

Ошентсе да, элдин менталитетин эске алып, муфтияттын фатва бөлүмүнүн сунушу менен биздин борбор арак сатылган ашкана жана дүкөндөрдун тамагына өз алдынча адал сертификатын бере элекпиз. Арак сатылган ашканаларга тамагы адал болгонуна карабай тастыктоо бербейбиз. Арамын жоготсо гана тастыктоо алат. Ошондон улам кайсыдыр «арак ичилген ашканаларга адал сертификаты берилди» дегени калп.

Ал эми биздин борбордун тастыктоосун алган ашканаларда арак сатууга, аны тейлөөгө тыюу салынат. Бул тууралуу кардарлар алдын ала эскертилет. Ашкана жетекчилиги эрежеге баш ийбеген кардарларды ал жерден чыгарат. Кардарлар кабиналарда арагын бекитип ичсе гана көрүнбөй калуусу мүмкүн.