Куркумин (Е 100)
Куркумин- табигый боёк, ал ачык сары же кызгылт-сары түстө болот. Бул боёк куркума жана имбирь өсүмдүктөрүнөн өндүрүлөт. Куркумин өсүмдүктөн алынып жасалгандыктан бул азык кошулмасы адал (ХАЛАЛ) болуп эсептелет.
Куркуманын көп пайдалуу касиеттери бар, алар биздин доорго чейн эле маалым болгон. Көп жылдар бою Индияда ар түрдүү ооруларды айыктыруу үчүн кенен колдонгон.
Куркумин мисалы, сезгенүүгө каршы, антиоксидант, рак илдетине каршы сыяктуу пайдалуу касиеттери бар. Окумуштуулар куркуманын ракка каршы касиетке ээ экенин байкашкан. Анткени куркума рак клеткаларынын табигый өлүмүнө себеп болот. Ошондой эле альцгеймер оорусу бар адамдарга куркуманын пайдасы бар экени далилденген. Башка изилдөөлөр бул куркумин (E100) жүрөк клеткасынын иш абалын калыбына келтирүү мүмкүн экенин көрсөткөн.
Албетте, биз пайдалуу азыкты ашыкча колдонсок, ал ден солукка терс таасирин берээрин эстен чыгарбашыбыз керек. Куркуминдин зыяндуу касиеттери жөнүндө маалымат аз болгондуктан, азыркы күнгө чейн излдөөлөр уланып атат.