Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору кайрадан Беларусь Республикасында!!!
Беларусь Республикасы менен кызматташканыбызга бир жылдан ашып калды. Ушул кыска убакыттын ичинде төрт компаниялар менен келишим түзүп, иштешип аткан учурубуз. 2018-жылы 9 августа Халал индустрияны өнүктүрүү борбору “Рогозницкий” крахмал заводунда текшерүү жүргүздү. “Рогозницкий крахмал заводу” Беларусь Республикасында эң чон крахмал өндүрүучү компаниялардын катарына кирет. Текшерүү учурунда баардык технологиялык жүрүмдөр, ар кандай кошулмалар текшерилип, текшерүүнүн аягында жыйынтыктоочу актысы жазылып, эч кандай ЕС-1:12012 халал стандартынын талабына каршы бузуулар катталган жок.