Кандайдыр бир азык-түлүк уйдун этинен жасалган дегенин окуп туруп, курамында чочконун эти бар деген ой болот беле? Тилекке каршы, азыркы күндө көп адамдар азыктын курамына көп көнул бурушпайт. Халал-индустриясын өнүктүрүү борбору тарабынан Кыргызстанда ири соода маркеттеринин биринде адал жана арам тамак-аштар тууралуу мониторинг жүргүзүштү. Мисалы “Hame” соода маркасындагы паштет, уй этинен деп жазылганына карабастан, курамында чочконун эти да бар экени аныкталды. Ошондуктан, тамак аштын курамына сөзсүз түрдө коңүл бурунуз. Эгер ушуга окшогон арам азыктарды билсениз, төмөндө комментарий калтырыңыз.