Суроо: Технология боюнча чочконун эти кошулбаган колбаса болбойт дешет. Демек адал колбаса болбойт экен да?
Жооп: Биздин адисттер колбаса өндүрүшү менен тыгыз байланышта болгондуктан, колбаса чыгарган технологдор менен көп баарлашууга туура келет. Адал кыймылы жаңы башталган учурда, колбаса өндүшүнүн мурдагы технологиясынан башканы билбеген кээ бир технологдордун элге ушундай кептерди таратканын биз да укканбыз. Алар албетте, эл аралык колбаса өндүрүшүнө анчейин сарасеп сала бербесе керек. Дүйнөнүн жарымындай болгон Аравия, Пакистан, Ирак, Иран, Иордания ж.б. мусулман калктуу өлкөлөрдө колбаса азыктары кенен өндүрүлөт. Бирок алардын технологиясында чочко эти такыр иштетилбейт да эч бир бөлүгү кандай тартипте жана өлчөмдө болбосун кошулбайт. Анткени аларда Ислам мамлекеттик дин эсептелет жана анын нормалары да мыйзам деңгээлинде каралат. Мурдагы советтик эт өндүрүшү андан алынган өндүрүмдүн, анын ичинде колбасанын да дээрлик баардык түрүн арам чыгарчу. Тагыраагы советтик колбаса өндүрүшү анын даамдуулугун чыгарууда чочкодон башка даамдаткычты колдонгон эмес. Андан бери көп жыл өттү жана бул өндүрүш азыр алдыга алда канча озду.
Азыркы заманбап эт иштетүү технологиясы чочконун этин зыяндуу деп, анын ордуна башка кошулмалар менен даамдатууну кенен жолго койгон. Көп эксперттер чочко эти кошулбаган колбасалардын алда канча даамдуулугун айтышат. Кыргызстан адал индустриясын өнүктүрүү борбору, келишимдик негизде кызматташкан ишканалардын колбаса өндүрүшүндө чочко гана эмес, кан, курт-кумурскадан алынган бойок, гендик деңгээлде бурмаланган заттардын кошулмасын колдонууга да тыюу салат.