Учурда эң актуалдуу маселенин бири бул фармацевтика тармагы.
Мусулмандар үчүн дары дармектердин Адал же Арам экенин аныктоо негизги маселеге айланды.
Шарият ден-соолукка олуттуу зыян келген учурда даары-дармектерди колдонууга уруксат берет (адал же адал ыкмада даярдалган дарылар).
Дарыгер даары-дармектерди жазып берген учурда эмне кылуу керек?
1️⃣ Дарыканага келген учурда сизге берилген дарылардын курамын кылдаттык менен карап чыгыңыз. Эгерде курамы жазылбаган болсо, интернеттен ал даары тууралуу маалымат алсаңыз болот.
2️⃣ Фармацевттын сиздин колуңузда турган дарынын ар бир кошулмасы (состав) тууралуу сураңыз. Ал сизге маалымат берүүгө милдеттүү.
3️⃣ Эгерде курамында тыюу салынган кошулмалар жок болсо колдонсоңуз болот.
4️⃣ Эгерде тыюу салынган кошулмаларды байкасаңыз андан башка дарыны жазып берүүнү дарыгерден сураңыз. Эгерде сиздин ден-соолукту калыбына келтирүүдө андан башка дары жок болсо, ал дарыны колдонбосонуз ден-соолукка олутту зыян алып келчү болсо колдонууга уруксат.
Автору: Адал индустриясын өнүктүрүү борбору