Шариатта адамдардын жеп-ичүүлөрү үчүн бир катар жаныбарлар менен канаттууларга уруксат берилген жана алардын адалдыгы Кураан жана сүннөттүн же андан алынган так көрсөтмөлөр менен бекемделген.
Ислам дини эттин адал болуусу үчүн уруксат берилген малга (канаттууга), касапка жана союу процессине бир катар талаптарды койот. Бул талаптар аткарылбаса мал уруксат берилгенине карабай адал деп эсептелбейт.
Касапка (мал сойгон адамга) коюлган талаптар:
1-сөзсүз мусулман болуусу зарыл;
2-балагатка (бойго) жеткен;
3-акыл эси соо;
4-ниети Аллах үчүн болуусу шарт.
Союу процессине коюлган талаптар:
1. Малды тынчтандыруу жана жумшак мамиле кылуу;
2. Алдында бычак кайрабоо;
3. Мурда союлган малдарды көргөзбөө;
4. Курч бычак;
5. «Бисмилляхи, Аллаху Акбар!» сөзү менен бир тартуу жана төрт мүчөнү кесүү. Алар: кекиртек, кызыл өңгөч, жана 2 күрөө тамыр;
6. Канын толук агызуу. Союлуп жаткан жаныбардын каны толук агызылуусу сөзсүз шарт. Т.а. жаныбар, кансырап жан берүүсү зарыл. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Каны агызылгандан жана Аллахтын аты аталгандан жегиле!»-деген.
7. Жаны чыккан соң гана терисин шылуу.
Касапканаларга (убойный цех) Халал стандартынын талаптары:
1. Касапкананын санитардык абалы
2. Касапканада кыбыланын аныкталуусу
3. Малды алдын ала ветеринардык кароо жана карантиндик көзөмөлдөө каналары
4. Малды касапка чейин тынчтандыруу жолдору
5. Транспорттук ыңгайлуулуктар.
Урматту керектөөчү! Жогоруда аталган талаптарды эт соючулар сактайбы же жокпу сиз аны билбейбиз т.а барып текшерүү үчүн биринчиден убактыңыз жок. Экинчиден касапканалар (убойный цех) бул үчүн уруксат бербейт.
Муну текшерүү үчүн атайын бир орган түзүлгөн. Ал да болсо «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» тагыраагы биз.
Бизге ишеним билдириңиз. Кайсыл мекеме же тамак аш өндүрүүчү биздин орган тарабынан тастыкталып, халал сертификаты ыйгарылса демек, ал – ардайым бекем көзөмөлдө!