Тоок этин саткандар жана алып жегендер муну билеби?
Тоок этин (гриль, курица) баарыбыз жакшы көрөбүз жана сүйүп жейбиз. Ресторан, кафелерден сырткары көчөдө туруп саткандар да өтө көп. Анткени, талап бар!
Бирок, биз мусулмандарды түйшөткөн маселе «Адалбы?» деген суроо.
Бардык тоок этин сатуучулар (кафе, ашкана ээлери жана көчөдө гриль саткандар) бир ооздон жапырт «халал» деп жооп беришет.
Бирок алар муну билеби?
Төмөндө тоок этин харам кылуучу негизги критикалык чекиттер көрсөтүлдү.
1. Тоокту кармоочу жайлардын санитардык абалына маани берүү (мусор, курт-кумурскалар, кемируучулорду жб жонго салуу)
Тоок канаттуулары өтө назик болот. Болбогон бир вирус аркылуу баары ооруп калышы толук мүмкүн. Андай жандыктын (ооруулуу) эти адал болбой калат.
2) Тоют жана жемдин булагы. Тооктордун бат жетилүүсү үчүн алардын жемдери чоң ролду ойнойт. Кээ бир тоокко берилүүчү жем азыктарында жаныбарлардан алынган майлар, эттери жана сооктору кезигет (порошок турундо). Өндүрүштө эң арзаны чочкодон алынып6 кошулган жемдер.
3) Тоокторду даарылоо жана вакцинациялоо. Тоокторду ар кандай ооруу, вирустарга каршы вакцинациялоодон соң белгилүү бир мөөнөттө союга болбойт. Вакцинанын инструкциясында бул тууралуу белгиленген. Эгерде мөөнөт кармалбаган болсо, препараттардын же вакцианын калдыктары тооктун этинде кармалып, адамдын ден-соолугуна терс таасир тийгизет.
4) Сою процесси. Тооктун ар бирин союп жатканда «Бисмиллах, Аллаху Акбар» деп айтуу керек жана анын 4 каналы кесилүүсү шарт (Ханафий мазхаб боюнча). Алар: 2 күрөө тамыр, кекиртек жана кызыл өңгөч. Тооктун башын толук алып салууга (дароо жүлүндөп) тыйуу салынат. Эгерде башы дароо кесилип салынган болсо, ал тооктун башы да, денеси да харам болуп эсептелет.
5) Жүнүн жулуу процесси. Союлган тооктун жүнүнөн арылтуу үчүн ысык сууга салып алып, андан сон жунун тазалайт. Мына ошол учурда суунун температурасы 50-55 градус Цельсиядан ашпоосу зарыл. Ички органдары жогорку температуранын таасири менен зыяндуу заттар этке отуп кетиши мумкун.
Эгерде кайсыл бир фермага таандык тоок эттеринин «халал сертификаты» бар болсо, анда жогоруда аталган критерийлердин баары көзөмөлгө алынган. «Халал сертификаты» бар азыктарды гана колдонуңуз, өтүнүч!