Учурда дээрлик баарыбыз капсуладагы дарыларды колдонобуз.
Бул албетте, ден-соолукту калыбына келтирүүдө пайда бериши мүмкүн.
Бирок, мусулмандар үчүн капсулаладагы дарыларды колдонууда билишибиз зарыл болгон 1-2 маселе бар☝️.
1 – дарынын курамы өтө маанилүү. Анын курамында күмөндүү же арам кошулмалар болушу мүмкүн.
2 – дарынын капсуласы эмнеден жасалат. Сиз муну билесизби?
Фармацевтика өнүккүн сайын капсуладагы дарыларды иштеп чыгаруу технологиясы да алда-канча өзгөрдү.
Учурда капсулалардын дээрлик 100 пайызы желатиндин негизинде жасалат.
Желатин – тамак-аш кошулмасы. Ал жылмакай, “былкылдаган” абалда болот. Тамак-аш кошулмасы катары колдонуу статусу КҮМӨНДҮҮ.
Кандай жасалат жана эмне үчүн күмөндүү?
Желатин – бул жаныбарлардын тээрисинен жана сөөктөрүнөн алынат. Эгерде ал шариятта арам деп эсептелген жаныбардан алынса (чочко, ит ж.б.) – желатин арам болот. Арам желатин кошулган башка азыктарды да колдонууга болбойт.
Ал эми өндүрүштө уй, кой, балык өңдүү жаныбарлардын тээриси жана сөөктөрүнүөн алынган желатиндерди да кезиктирөөгө болот. Эгерде ал жаныбарлар АДАЛ ыкмада союлган болсо, демек, андан даярдалган желатин кошулмасы да адал болуп эсептелет.
Ал эми сиз кайсыл бир азыктын (дары) курамынан желатинди кезиктирдиңиз бирок, ал желатин эмнеден жасалгандыгы тууралуу маалыма берилген эмес. Сиз анын “источнигин” билбейсиз демек – бул сиз үчүн күмөндүү.
Адал сертификатын алган азыктардын курамында да желатин болот. Бирок сертификатты берүүчү мекеме ал желатиндин эмнеден жасалганын аныктап, адал экенин тастыктайт. Калган кошулмалар да адал талаптарына шайкеш келсе гана сертификат берет.
Мына ошондо желатиндин адал же арам экенин анык билүүгө болот.
Демек, капсулалуу дары, шириндиктер (торт, шоколад, канфет) ж.б азыктарда желатин кошулмасын кезиктерсеңиз сөзсүз түрдө халал сертификаты барбы, жокпу ошого маани бериңиз!
Халал индустриясы тарабынан адал сертифкатын алган азык-түлүк жана БАД азыктарын www.halalindustry.kg сайтынан таба аласыз.
Автору: Адал индустриясын өнүктүрүү борбору