Бул чыгарылышта камыр ачыткынын адам ден-соолугуна тийгизген таасири тууралуу айтпайбыз. Анткени, ал боюнча интернетте жетиштүү эле материал бар.
Биз, камыр ачыткаынын Халал же Харам болуусу тууралуу айтабыз.
Дрожь (камыр ачыткы) – бул бир клеткалуу микро организм (лат. saccharomyces cerevisiae) Миссиясы: Камырдын көбүшүнө жардам берет.
Канткенде Харам болот?
Камыр ачыткысын өндүрүү saccharomyces cerevisiae микро организимин көбөйтүү жолу аркылуу алынат. Аларды көбөйтүү үчүн меласса, минерал заттар, витаминдер менен азыктандырышат. Эгер, ошол минерал жана витаминдер Харам жол менен алынса анда ачыткы арам болуп калат.
Кандайча?
Минералдардын көп бөлүгү сөөктөн алынат.
Биринчиден: Ал сөөктөр кандай жаныбардыкы?
Экинчиден: Ал жаныбар Адал жол менен союлганбы?
Мына ушул жерде маселе бар!
Ал эми Халал сертификациялоо органдары тарабынан тастыкталган камыр ачыткылар ушул суроолорго жооп алып, тактап анан сертификат берет. Эгерде кайсыл бир дрождун Халал сертификаты жок болсо колдонбой эле койгонуңуз оң.
Турция мамлекетинин Халал сертификациялоо органы тарабынан Адалдыгы тастыкталган дрождордун (камыр ачыткы) тизмеси:
«TULIP PAKMAYA», «PRIMAPAK», «BRAVO», «PAKMAYA», «CHEF», «MAYADAG», «TAXERON», «FOODMONT», «MAXIPAN TEMPO».