Муну билүү зарыл! Сөзсүз эске тутуңуз жана башкаларга да бөлүшүп коюңуз!
Урматту колдонуучу бул мыйзам сизге тиешелүү!
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1997-жылдын 10-декабры № 90
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө
7-берене.
Керектөөчүнүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тууралу жана товарлар (иштер,кызматтар) жөнүндө маалымат алуу укугу
- Керектөөчү даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тууралу, анын иш режими жана ал сатып жаткан товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө зарыл жана так маалымат берүүнү талап кылууга укуктуу.
(Бул берене негизинде сиз сатуучудан товарга же тамактануучу жайда тамакка тиешелүү болгон бүт маалыматты суроого укуктуусуз, анын ичинде «Халал сертификаты барбы? Бар болсо көрсөтүңүз жана аны кайсыл мекеме бергенин тастыктап бериңиз» – деп айтууга)
9-берене.
- Товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалыматта товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) негизги керектелүү касиеттери жөнүндө маалыматтарды, ал эми тамак-аш азыктарына карата – составы (анын ичинде аларды даярдоо процессинде пайдаланылган башка тамак-аш продуктылары жана тамак-аш кошулмалары) гендик-инженердик-модификацияланган органдарды колдонуу менен алынган компоненттердин тамак-аш азыктарында болушу жөнүндө маалымат (маркировка) жөнүндө, салмагы жана көлөмү жөнүндө, тамак-аш продуктыларынын калориялуулугу жөнүндө, стандарттардын милдеттүү талаптары менен салыштырганда аларда ден соолук үчүн зыяндуу заттардын камтылышы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле оорулардын айрым түрлөрүндө колдонууга болбой турган жактары жөнүндө маалыматтарды. Оорулардын айрым түрлөрүндө колдонууга болбой тургандыгы туурасындагы маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү беките турган товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тизмесин…
(Бул беренеге ылайык эгерде кайсыл бир товардын сыртта эч кандай жазууну таппасаңыз (мындай учурлар көп кездешет. М: канфет, торт, суусундуктар, кафе, ашканаларда сатылуучу тамактар) сатуучудан анын состав тууралуу (маркировкасы) тууралуу толук маалымат алууга)