Көп тамак-аш азыктарында мусулмандар үчүн арам болуп эсептелинген ар түрдүү кошулмалар кездешет. Алардын бири “кармин” болуп саналат.
Кармин бул кызыл өң берүүчү боёк, ал кошениль деген курт-кумурскадан даярдалып, көбүнчө Америка, Перу жана Канар аралында өңдүрүлөт. Кызыл түскө ээ болгондуктан, башында кездемелер жана жүндөн жасалган жиптерди боё үчүн колдонулган. Ал эми азыркы учурда тамак-аш азыктарын да боё үчүн көп пайдаланып калды.
Кармин негизинен колбаса, татымал, кетчуп, шербет, йогурт, сүт жана кондитер азыктары өндүрүшүндө колдонулат. Кошениль “опунция” деген кактусунда табылат. Негизи кармин кошенилдин ургаачысынан алынат. Ал кактуска катту жабышып жашайт. Ал жерден кошенилди чогултуп атайын химиялык процедура аркылуу кызыл боёк чыгарылат. Бир килограмм кармин алуу үчүн өтө көп курт-кумурскалар (кошениль) керектелет.
☝️Кармин курт-кумурскадан алынып жасалганы үчүн Мусулмандарга арам болуп эсептелет.