Чочконун (свинья) эти кошулган сыр

Урматтуу мусулмандар, абайлагыла! “Hochland” фирмасына таандык (ассорти Классическое трио) сырларынын курамында чочконун эти бар. Андан сырткары “кармин” сыяктуу харам кошулмалар да бар! Аталган сыр тамак-аш өндүрүшүндө кеңири тараган. Дээрлик көпчүлүк тез татым (бургер, шаурма ж.б) ээлери “Hochland” сырын колдонот. Бул азыктардын (fast food) этине жана колбасасына эле маани бербестен колдонуп жаткан СЫР жана КЕТЧУП, МАЙОНЕЗ…

Балык икраларынан абайлаңыз

Дагы бир азыкта Харам компонент Шариат боюнча Балык адал, анын икрасы (жумурткалары) да адал. Анда меселе жок. Бирок, бул икраларды өндүрүш тармагындагылар толук түрдө харамга айлантып салууда. Маселен икралардын даамын жана түсүн өзгөртүүдө Харам кошулмаларды кошууда. Бул икралар тамактануучу жайларда, суши азыктарында да кеңири колдонулат. Андыктан ал азыктар да (эгер кошулса) Харам болот! Кызык болсо…

Жада калса “кетчуп” дагы харам!

Урматту керектөөчү! Маркеттерде, дүкөндөрдө сатылып жаткан кетчуп, томат азыктарына маани бериңиз! Жөнөкөй көрүнгөнү менен (кантип эле харам болсун дегендер жок эмес) бул азыктардын курамына кошениль атту курттун (кене) боегу, тактап айтканда КАРМИН боегу кошулат. Кармин – боюгу харам экени маалым. Ушул сүрөттө көргөзүлгөн «Обжорка» соода маркасына таандык кетчупта дал ошол «кармин» боегучун кезиктирдик.

Гриль халалбы?

Тоок этин саткандар жана алып жегендер муну билеби? Тоок этин (гриль, курица) баарыбыз жакшы көрөбүз жана сүйүп жейбиз. Ресторан, кафелерден сырткары көчөдө туруп саткандар да өтө көп. Анткени, талап бар! Бирок, биз мусулмандарды түйшөткөн маселе «Адалбы?» деген суроо. Бардык тоок этин сатуучулар (кафе, ашкана ээлери жана көчөдө гриль саткандар) бир ооздон жапырт «халал» деп жооп…

Адал эт кандай болот?

Шариатта адамдардын жеп-ичүүлөрү үчүн бир катар жаныбарлар менен канаттууларга уруксат берилген жана алардын адалдыгы Кураан жана сүннөттүн же андан алынган так көрсөтмөлөр менен бекемделген. Ислам дини эттин адал болуусу үчүн уруксат берилген малга (канаттууга), касапка жана союу процессине бир катар талаптарды койот. Бул талаптар аткарылбаса мал уруксат берилгенине карабай адал деп эсептелбейт. Касапка (мал сойгон…

Канткенде “Суши” Харам болот..?

  «Суши деген бул – балык анан күрүч (рис). Анын эмнеси харам экен» -дегендер көп… Биз аларга жооп кылабыз. Сиз жеп жүргөн суши азыктарынын курамында төмөнкүлөр бар: Балык; Күрүч (рис); Краб таякчалары (крабовые палочки); Соя соусу; Икра; Имбирь; Сыр ж.б Булар негизинен адал. Бирок, аталган продукцияларды атайын «СУШИ» азыктары үчүн даярдоодо спирт, харам болгон боёгучтар…

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоочу мыйзам

Муну билүү зарыл! Сөзсүз эске тутуңуз жана башкаларга да бөлүшүп коюңуз! Урматту колдонуучу бул мыйзам сизге тиешелүү!   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 1997-жылдын 10-декабры № 90 Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө 7-берене. Керектөөчүнүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тууралу жана товарлар (иштер,кызматтар) жөнүндө маалымат алуу укугу Керектөөчү даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тууралу, анын иш режими жана ал сатып жаткан товарлар…

Дрождор тууралуу…

Бул чыгарылышта камыр ачыткынын адам ден-соолугуна тийгизген таасири тууралуу айтпайбыз. Анткени, ал боюнча интернетте жетиштүү эле материал бар. Биз, камыр ачыткаынын Халал же Харам болуусу тууралуу айтабыз. Дрожь (камыр ачыткы) – бул бир клеткалуу микро организм (лат. saccharomyces cerevisiae) Миссиясы: Камырдын көбүшүнө жардам берет. Канткенде Харам болот? Камыр ачыткысын өндүрүү  saccharomyces cerevisiae микро организимин көбөйтүү…