Бул Актан. Ал мусулман.
Актан жеп жаткан тамак-ашына өзгөчө көңүл бурат. Анын «Халал» экендигине олутту мамиле кылат. Анкени, кылган иштери жана ибадаттарынынын кабыл болуусу «адал» жана «арам» тамактан көз каранды экенин ал жакшы билет?.
⠀⠀
Тамактануучу жайларда же соода дүкөндөрүнөн тамак-аш азыктарын сатып алууда Актан төмөнкү кадамдарды жасайт:
— Азыктын курамына маани берет (курамын окуп чыгат);
— Халал белгиси барбы же жокпу аны карайт;
— Эгерде «Халал» деген жазуу бар болсо же Халал деген логотип чапталган болсо (этикетка жана маркировкасына) анда анын СЕРТИФИКАТЫН ТАЛАП КЫЛАТ;
— Халал сертифкаты бар болсо, ал сертифкат кайсыл органга таандык экенин тактайт (сертификатта жазылган);
— Сертификатты окуп чыгат. Анткени, чындыгында ал сертификат ошол товарга берилгенби же башка азыктын сертифкатын көчүрүп алганбы аны тактайт;
— Халал сертификатынын мөөнөтүнө маани берет. (бир сертификат 1 жылга жарактуу)
— Халал сертификатын берген орган менен байланышат. Чындыгында Актан сатып алып жаткан тамак-аш сертификациялоо органын РЕЕСТРинде барбы же жокпу аны такташ керек да;
— Анан ал товарды сатып алат.
Эгерде сиз дагы мусулман же адал азыкты талап кылуучу катардагы жаран болсоңуз анда тамак аш сатып алууда Актан басып өткөн баскычтардан өтүңүз.
Эгерде «Халал» азыкты гана колдоном десеңиз, анда аны – талап кылууңуз керек!
Тамагыңыз адал болсун!
Биз менен байланышуу:
⠀⠀
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш. Турусбеков к., 109/1 +996 (555) 891 490
+996 (770) 891 490
+996 (706) 891 490
+996 (312) 394 085
+996 (707) 666 881 W/A
halal-kyrgyzstan@mail.ru
www.halal.kg