Кыргызстандагы ЖЧК “ДаниЭль” компаниясы, Халал индустрия өнүктүрүү борбору тарабынан, Ислам нормаларына жана эл аралык: ЕС-1:2012, MS 1500:2009 жана OIC / SMIIC 1:2011 халал стандарттарын киргизүү процедураларын өткөрүүдө. Ошого байланыштуу стандарттар боюнча окутуу иштери жүргүзүлгөн. Бүгүн 11-октябрь 2019-жылы халал стандарттары боюнча сынак өткөрүлдү. Сынактын суроолору катары өндүрүштө халал азыкты кандай талаптарга ылайык өндүрүш керектиги тууралуу болду. Сынакты ийгиликтүү тапшырган кызматкерге Халал индустриясы өнүктүрүү борбору тарабынан күбөлүк ыйгарылат. Ал күбөлүк кызматкердин халал талаптарын билет экендигин далилдейт.