ЖЧК “ДаниЭль” компаниясына халал талаптары боюнча сынак өткөрүлдү.

Кыргызстандагы ЖЧК “ДаниЭль” компаниясы, Халал индустрия өнүктүрүү борбору тарабынан, Ислам нормаларына жана эл аралык: ЕС-1:2012, MS 1500:2009 жана OIC / SMIIC 1:2011 халал стандарттарын киргизүү процедураларын өткөрүүдө. Ошого байланыштуу стандарттар боюнча окутуу иштери жүргүзүлгөн.  Бүгүн 11-октябрь 2019-жылы халал стандарттары боюнча сынак өткөрүлдү. Сынактын суроолору катары өндүрүштө халал азыкты кандай талаптарга ылайык өндүрүш керектиги тууралуу болду.…