«Сүт Булак» ишканасынын кызматкерлери сынактан өткөрүлдү

«Сүт Булак» жабык акционердик коому ишканасынын кызматкерлери бүгүн экзамен тапшырышты. Сынак «Халал» стандарттарынын негизинде алынды. Буга чейин ишкананын кызматкерлери Кыргызстан халал индустриясы тарабынан атайын окуулардан өтүп келишкен. Сынактын жыйынтыгында кызматкерлерге күбөлүктөр ыйгарылат. Аталган ишкана 4 айдан бери Халал индустриясын өнүктүрүү борбору тарабынан сертификациялоо этабынан өтүүдө. «Сүт Булак» ЖАК сүт азыктарын чыгарган жергиликтүү ишкана.