ОсОО «Адал Азык»

ОсОО «Адал Азык» Колбасные изделия, сосиски и мясные деликатесы Тойбосс Сертификат действителен ДО 15.03.2024 Чуйская обл., Ысык-Атинский рн.. Логвиненковский айылный округ, контур №159 Сайт адал день час Сертификат не действителен

Адал сгущенка

«Тен» дыйкан чарбасы «Десяточка» соода маркасындагы сүт азыктарына (сгущенка) жана шириндиктерге «Халал» сертификаты берилди. Аталган өндүрүм толук түрдө Халал стандартынын талаптарына жооп берет. Бизге катталыңыз. Адал азыктар тууралуу маалыматка ээ болуңуз

«M&M’s» арам экенин билесизби?

M&M’s («Эм-эн-Эмс») соода маркадагы (с молочным шоколадом) шириндиктердин курамынан харам жана күмөндүү кошулмаларды кезиктирдик. Ал «Е 120» же «Кармин» боёгу. Кармин боёгу»кошениль» деп аталган курттан алынат. Ислам дини боюнча курт-кумурскалардын бардык түрү Харам. Мындан улам «кармин» дагы арам болуп калат. Тилекке каршы бул азыкты көпчүлүк мусулмандар жеп жүрөт. Жеген тамагыңызга кайдыгер болбоңуз, адалды талап кылыңыз!…

Дагы бир «Халал колбаса» азыктары.

Халал индустриясын өнүктүрүү борбору тарабынан ИП «Акбаровко» таандык колбаса азыктары халал сертификациялоо процессинен өткөрүлдү. Аталган колбаса азыктары «Нур Эл» жана «Ак-Барс» соода маркалары менен таанымал. Жогоруда аталган колбаса азыктары толук түрдө халал стандартынын талаптарына жооп берет. Жегениңиз адал болсун! Адал — талап менен келет!

Дагы бир Халал «fast food»

Халал индустриясын өнүктүрүү борбору тарабынан дагы бир «тез-татым» коомдук тамактануучу жайы халал сертификациялоо процессинен өткөрүлүп «халал сертификаты» ыйгарылды. Бул @pointb.kg соода маркасындагы коомдук тамактануучу жайы. ЭСКЕРТҮҮ: @pointb.kg тамактануучу жайлары бишкек шаарында көп. Биз бир гана Исанов көчөсү 122 дарегинде жайгашкан точкасына гана бердик. Башка даректерде жайгашкан тез-татым азыктарына кепилдик бербейбиз!

«tic tac» ты жеп жүрдүңүз беле?

«Ферреро» кондитердик компаниясына таандык «tic tac» соода маркадагы бул шириндиктин курамынан «Харам кошулмаларды» кезиктирдик. (Сүрөттө көрүнүп тургандай бул кошулма «Е120» (кармин) боегу) Кармин — «кошениль» деп аталган жиркеничтүү курттан алынган боек. Ислам шариаты боюнча курт-кумурскаларды тамак-аш максатында колдонуу арам!

Дагы бир Халал өндүрүм

ИП Шабралиев.Д. Ог о таандык «Даамдуу» соода маркасындагы коомдук тамактануучу жайлары Халал сертификациялоо процессинен өткөрүлдү. Мындан ары «Даамдуу» коомдук тамактануучу жайлары халал стандартынын талаптарына жооп берет жана биздин көзөмөлүбүздө.

Халал индустриясы жарыя кылат

Келгиле достор, суппер акция өткөрөбүз Көңүл коштук кылбай бул акцияга баарыңыздарды катышууга чакырабыз. Анткени – бул акциянын негизги максаты АДАЛДЫ ЖАЮУ! Эгерде сиз кайсыл бир азыктын (продук) же кафе, ашкананын сыртында «халал деген жазууну көрсөңүз анда аны сүрөткө тартып Instagram же WhatsApp аркылуу бизге жөнөтүңүз. Ал азык же тамактануучу жай чынында «Халал сертификатын» алганбы же жокпу…

Жаңы келишим

Жакында дагы бир АДАЛ «бройлер тоокторун» рынокко сунуштайбыз. Достор, жаңы тоок фирмасы менен келишим түздүк. Буйруса, биз ал ишкана менен жүрүп жаткан сертификациялоо процесин чагылдырып турмакчыбыз. Биздин баракчага катталыңыз. Адал азыктар тууралуу маалыматка ээ болуп туруңуз.

«KFC» Халал сертификатын алды

Халал индустриясын өнүктүрүү борбору тарабынан ОсОО «Фуд Дрим» ишканасына ХАЛАЛ СЕРТИФИКАТЫ ЫЙГАРЫЛДЫ. Аталган ишкананы «KFC» соода маркасы аркылуу тааныйбыз. Мындан ары «KFC» коомдук тамактануучу жайлары халал стандартынын талаптарына жооп берет. «KFCге» «Халал стандартынын» талаптарын киргизүү чындыгында оор болду, көп убакыт кетти. Бирок, «KFC» жетекчилиги стандарттын талаптарын толук аткарып, тамак-аштары халал процессинен өттү. Жыйынтыгынла Халал сертификаты ыйгарылды.…