ТЕКШЕРБЕГЕН ТАСТЫКТОО

Суроо: Сиздер адалдыгын текшербей эле сертификат берип коюшуңар мүмкүнбү?   Жооп: Теорияда, бул маселе унаа айдаганды такыр билбеген адамга айдоочу күбөлүгүн берип койгондой эле кеп. Айдаганды билбеген айдоочу кандай кооптуу болсо, жалган тастыктоо алган өндүрүшчү андан бетер коркунучтуу.   Анткени, анын калп адалын жеген мусулмандардын ибадаттары кабыл болбой калуу коркунучу бар. Бул албетте ыйманды талап кылган…

Капа болбо, биз чындыкты айттык!

Сиз белгилүү бир жумушта иштейсиз, үйгө барып түштөнүүгө шартыңыз же убактыңыз жок. Андыктан көчөдөн көп тамактанасыз. Тагыраагы кафе, аш кана, тез-татым жайлары… Жегениңиз аш болсун. Бирок, ал азыктын адал же арамдыгына кызыкпайсыз. «Адал» деп жазып койсо болду, жей бересиз. Туурабы? Эмнеге мынчалык көңүл кошсуз? Ойлоп көрүңүз. Кайсы бир мамлекеттин жараны экениңизди тастыктаган паспортуңуз бар. ЖОЖду…

Адалдыгы тастыкталган эт азыктары

Биздин орган тарабынан дагы бир өндүрүм «Халал сертификациялоо» процессинен өткөрүлдү. ЧП. Кибаров Кибар Халил-Ибраимовичке таандык «бодо мал, кой жана эчки жандыктарын союу жана чийки этти реализациялоо» цехине халал сертификаты ыйгарылды.

«Тойбосс» ишканасына аудит жүргүзүлдү

15-август күнү «Тойбосс» соода маркасына таандык колбаса азыктарын даярдоочу иш канага аудит жүргүзүлдү. Аудит Нарын облусу, Кочкор районунда жайгашкан «Тойбосстун» касап канасында болду. Аудиттин максаты: Халал сертификациялоо процессинен өткөрүлгөн ишканада «Халал стандарттарынын» талаптары канчалык деңнээлде сакталаарын көзөмөлдөө.  

Чочконун (свинья) эти кошулган сыр

Урматтуу мусулмандар, абайлагыла! «Hochland» фирмасына таандык (ассорти Классическое трио) сырларынын курамында чочконун эти бар. Андан сырткары «кармин» сыяктуу харам кошулмалар да бар! Аталган сыр тамак-аш өндүрүшүндө кеңири тараган. Дээрлик көпчүлүк тез татым (бургер, шаурма ж.б) ээлери «Hochland» сырын колдонот. Бул азыктардын (fast food) этине жана колбасасына эле маани бербестен колдонуп жаткан СЫР жана КЕТЧУП, МАЙОНЕЗ…

Маанайыңызды түшүрбөңүз, бирок бул – Харам!

Көпчүлүк ылгабай сатып алып, жеп жүргөн «BioMax» соода маркасына таандык бул (со вкусом клубники) йогурттун курамында Харам кошулма бар! Бул да болсо «Е120» (краситель – кармин). Урматтуу Мусулмандар! Жеп жаткан тамагыңызга маани бериңиз. Адал тамакты колдонуу жана Харамдан качуу – бул милдет!

Халал сертификаты бар азыктар:

Дасторкондун көркүн ачкан адал азыктардын тизмесин жарыялайбыз. КОЛБАСА АЗЫКТАРЫ: «Аль-Халал», «Тойбосс», «Салих», «Хаят» соода маркалары. КОНДИТЕР АЗЫКТАРЫ: (Торт, пирожныйлар) «Куликовский», «Бонжур», «Найс», «Графский», «Ширин», «Барбол». (Таттуулар. Шоколад, конфеты) «Ата», «Ротана», «Кыргыз Шоколады» соода маркалары. СҮТ АЗЫКТАРЫ: «Белая Река», «Урсуз», «Сүт аш», «Риха сүт азыктары», «Кав Кев», «Десяточка», «Талас Даамы», «Радуга Вкуса», «Ак Булак плюс» соода…

«Choco-Pie» (Raspberry) курамыда харам кошулма бар

Урматтуу мусулмандар, абайлагыла! Көпчүлүк сүйүп жеген «Choco-Pie» дын курамында харам кошулма ба! Choco-Pie» соода маркасындагы бул (Raspberry) шириндиктин курамында дагы ХАРАМ кошулма тагыраагы Е120 (натуральный кармин) бар экенин аныкталды. (Курамын окуп көрүңүз). Эгерде сиз дагы кайсыл бир тамак-аштын (суусундук, шириндик, салат, нан азыктары, майлар ж.б) курамынан сизге жат болгон же сиз түшүнбөгөн тамак-аш кошулмасын байкасаңыз…