Дагы бир адал өндүрүм

Халал индустриясын өнүктүрүү борбору тарабынан адалдыгы тастыкталган дагы бир азык. @mirsushi_bishkek суши жана пиццалары адал стандартынын талаптарына жооп берет. Эскертүү: «Мир Суши» франшиза. Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдү мындай соода маркада бир канча точкалар бар. Биз адал сертификатын берген сушинин дареги «IMAll» соода борбору, Шевченко к., 80.

Бул шириндикте ХАРАМ кошулма бар

«Яшкино» соода маркасына таандык бул шириндикте (швейцарский бисквитный рулет вишневый) КАРМИН Е120 табигый боегу бар! Кармин — бул кошениль аттуу курттан алынуучу боек. Курт-кумурскалар Шариат талаптарына ылайык Харам болуп эсептелет! Халал сертификаты бар азыктарды гана колдонууну сунуштайбыз.

Эмне үчүн Халал сертификаты керек?

Тамак-аш азыктарын өндүрүүдө, таңгактоодо (упаковка), ташуу жана жеткирүү кызматында эмне үчүн халал сертификаты керек? Эмне үчүн сертификациялоо этабынан өткөрүү зарыл!? 1 — ден. Мусулмандардын ишенимине ээ болуу. Дүйнө калкынын 3/1 бөлүгүн түзгөн мусулмандардын ишенимине ылайык «Адалдыгы тастыкталган» азыктарды гана колдонуу керек жана бул — ПАРЗ!? 2 — ден. Мусулман өлкөлөрүнө болгон экспорттун көлөмү.?? Экономиканын өсүүсүндөгү…

Адал тамак жеткиүү кызматы

«Бархат» полуфабрикаты биздин орган (Халал индустриясын өнүктүрүү борбору) тарабынан адалдыгы тастыкталган азыктарын сунуштайт. Үйүңүздөн чыкпай эле манты, пельмени жана башка азыктарга буйрутма бере аласыз

«Үмүт & Ко» фирмасынын балмуздагында харам кошулма бар.

Бул балмуздактар харам экенин билесизби? «Үмүт и Ко» фирмасына таандык «ДЖАЗ» жана «ФРУКТОВЫЙ ЛЁД» балмуздактарынын курамында Харам кошулмалар бар! Бул кошулма кошениль аттуу курттан алынуучу Е120 (кармин) боёгу. Күндөр ысып көчөдө, соода дүкөндөрүндө балмуздактарга болгон талап күчөдү… Урматтуу мусулмандар жеп жаткан балмуздак азыктарына да маани бериңиздер! Балдарыңыз эмнени жеп жатат, көзөмөл кылыңыз!

Ишенсең ишен, болбосо жок

Урматтуу мусулман бир туугандар! Бул биздин Органга таандык халал сертификаты (сүрөттө). Аталган сертификат тамак-аш азыктарын өндүрүүчү, мамлекеттик каттоодон өткөн, официалдуу түрдө иштеп жаткан ишканаларга берилет. ⠀⠀ Кайсыл бир тамак-аш азыктарын өндүрүүчү ишкана «Халал сертификатын» алган болсо биздин Орган ал азыктын адалдыгына кепилдик берет. ⠀⠀ Жана бул сертификаттын жарактуу мөөнөтү болгону бир жыл. Сертификаттын мөөнөтү бүткөн…

«Рихага» Халал сертификаты берилген эмес

Шашылыш түрдө билдирүү жасайбыз. ⠀⠀ Урматтуу мусулман бир туугандар! ⠀⠀ Азыркы тапта «РИХА» соода маркасына таандык «КОЛБАСА» азыктарында биздин органга таандык (Халал индустриясын өнүктүрүү борбору) ХАЛАЛ ЛОГОТИБИ колдонулууда. ⠀⠀ Бул биздин логотип албетте мыйзамсыз түрдө!⠀⠀ «РИХА» соода маркасындагы колбаса азыктары биздин орган тарабынан АДАЛДЫГЫ тастыкталган эмес. ⠀⠀⠀ Биз бул боюнча расмий түрдө «Монополияга каршы жөнгө…

Балык икраларынан абайлаңыз

Дагы бир азыкта Харам компонент Шариат боюнча Балык адал, анын икрасы (жумурткалары) да адал. Анда меселе жок. Бирок, бул икраларды өндүрүш тармагындагылар толук түрдө харамга айлантып салууда. Маселен икралардын даамын жана түсүн өзгөртүүдө Харам кошулмаларды кошууда. Бул икралар тамактануучу жайларда, суши азыктарында да кеңири колдонулат. Андыктан ал азыктар да (эгер кошулса) Харам болот! Кызык болсо…

Жада калса «кетчуп» дагы харам!

Урматту керектөөчү! Маркеттерде, дүкөндөрдө сатылып жаткан кетчуп, томат азыктарына маани бериңиз! Жөнөкөй көрүнгөнү менен (кантип эле харам болсун дегендер жок эмес) бул азыктардын курамына кошениль атту курттун (кене) боегу, тактап айтканда КАРМИН боегу кошулат. Кармин — боюгу харам экени маалым. Ушул сүрөттө көргөзүлгөн «Обжорка» соода маркасына таандык кетчупта дал ошол «кармин» боегучун кезиктирдик.