Сүт жана сүт азыктары менен калкты камсыздап келген ЖЧК «Кант-Сүт» компаниясында бүгүн 16-октябрь 2019-жылы халал стандарттары боюнча сынак өткөрүлдү. Эскерте кетсек, сынакка чейин Ислам нормалары тууралу жана эл аралык: ЕС-1:2012, MS 1500:2009, OIC / SMIIC 1:2011 халал стандарттары боюнча окутуу иштери жүргүзүлгөн. Сынакты ийгиликтүү тапшырган кызматкерге Халал индустриясы өнүктүрүү борбору тарабынан күбөлүк ыйгарылат. Ал күбөлүк кызматкердин халал талаптарына ылайык азык өндүргөндү билет экендигин далилдейт. Компания 1998-жылдан бери ишкердүүлүгүн жүргүзүп келет. Азыркы күндө жыйырмага жакын сүт азыктарынын ассортиментин өндүрөт. Анын негизги максаты катары экологиялык таза азыктар менен калкты камсыз кылуу.
Компаниянын расмий сайты: www.kantsut.kg/
Байланыш телефондору: +996 (701) 505235
+996 (555) 422421
+996 (312) 60-30-30