Халал индустриясын өнүктүрүү борбору тарабынан «Sushi World» суши азыктарына адал сертификаты ыйгарылды.
Кошумча маалымат:
Көпчүлүк «суши адал да, кантип эле харам болсун» — деп айтышат. Анткени, балык адал да. Туурабы?
Бирок, жөнөкөй көрүнгөн сушинин курамына маани берсек Харам компоненттер да кездешет.
Мисалы:
1 -Крабовый палочки (кармин болушу толук мүмкүн. Кармин харам Е120);
2-Икра (Кармин);
3- Сыр (сыр алууда колдонулган ферменттер харам жаныбардан алынышы мүмкүн);
4-Имбирь (кармин Е120);
5-Соустар (Курамында спирт болушу толук мүмкүн) ж.б толтура.
Мына ушулар өтө кооптуу:
Белгилей кетчү нерсе:
Халал индустриясынын сертификациялоочу адистерине жана sushiworld.kg жетекчилигине тең, халал сертификациялоо процесинен өтүү жеңилге турган жок. (2 айдан ашуун убакыт кетти)
sushiworld.kg жетекчилиги бүт жоопкерчиликти мойнуна алып биз менен кызматташып, жогоруда «харам» деп саналган компоненттерди «халал» курамга алмаштырды.
Адал — талап менен келет!