Тамак-аш азыктарын өндүрүүдө, таңгактоодо (упаковка), ташуу жана жеткирүү кызматында эмне үчүн халал сертификаты керек? Эмне үчүн сертификациялоо этабынан өткөрүү зарыл!?
1 — ден. Мусулмандардын ишенимине ээ болуу.
Дүйнө калкынын 3/1 бөлүгүн түзгөн мусулмандардын ишенимине ылайык «Адалдыгы тастыкталган» азыктарды гана колдонуу керек жана бул — ПАРЗ!?
2 — ден. Мусулман өлкөлөрүнө болгон экспорттун көлөмү.??
Экономиканын өсүүсүндөгү негизги пайдубалдардын бири бул – экспорт. Эгерде сиздин эл аралык рынокко чыгуу мүдөөңүз бар болсо, анда экспортко алып чыга турган товарыңызга сөзсүз түрдө «Халал сертификаты» керек!
3 — дөн. Бизнестин өтүмдүүлүгү.??
Статистикага ылайык керектөөчүлөр адал азыкка көбүрөөк басым жасашат. Анткени, адал тамак – коопсуз (көзөмөлдөнгөн) жана сапаттуу азык!
Демек, «Халал сертификаты» — керектөөчүлөрдүн коопсуздугу жана ишеними. Адал азыкты гана өндүрүңүз, биз «адалдыгын тастыктап» беребиз!