Сиз белгилүү бир жумушта иштейсиз, үйгө барып түштөнүүгө шартыңыз же убактыңыз жок. Андыктан көчөдөн көп тамактанасыз. Тагыраагы кафе, аш кана, тез-татым жайлары…
Жегениңиз аш болсун. Бирок, ал азыктын адал же арамдыгына кызыкпайсыз. «Адал» деп жазып койсо болду, жей бересиз. Туурабы? Эмнеге мынчалык көңүл кошсуз?
Ойлоп көрүңүз. Кайсы бир мамлекеттин жараны экениңизди тастыктаган паспортуңуз бар. ЖОЖду бүтүргөндүгүңүздү тастыктаган документиңиз — диплом да болот. Дүкөндөн соода кылсаңыз сатып алган товарыңызды аныктоочу «чек лист» берилет.
Бирок жашооңуздун өзөгү, өлүп калбашыңыздын негизги себеби болгон — жеп жаткан тамагыңыздын АДАЛДЫГЫН ТАСТЫКТАГАН документке эч маани бербейсиз. Эмне үчүн?! Сиз эмнени жеп жатасыз? Просто «адал кафе», «адал эт» же «халал» деп жазып койсо ишенип жей бересизби? Макул «Халал кафе» деп жазып койсун. Адал экенин кантип тастыктайт? Сурап көрдүңүзбү?
Ушинтип рынокто «халал» деген жазууну кийип алып, өзү билгендей, «өтүгүн төргө илип» жасалган тамак-аш көбөйүп кеткендиктен компитенттүү адистерден турган, мыйзамдуу түрдө иштеген «Халал сертификациялоо органы» түптөлгөн. (элибизди алдап арам тамак жасап саткандарды көрүп жүрөгүн ооруйт экен).
Садага кетейин элим! Жок дегенде өзүңдүн курсагың үчүн кам көрчү! Тамактын адалдыгын тастыктаган сертификатты талап кыл!