Халал индустриясын өнүктүрүү борбору тарабынан ОсОО «Фуд Дрим» ишканасына ХАЛАЛ СЕРТИФИКАТЫ ЫЙГАРЫЛДЫ.
Аталган ишкананы «KFC» соода маркасы аркылуу тааныйбыз.
Мындан ары «KFC» коомдук тамактануучу жайлары халал стандартынын талаптарына жооп берет.
«KFCге» «Халал стандартынын» талаптарын киргизүү чындыгында оор болду, көп убакыт кетти.
Бирок, «KFC» жетекчилиги стандарттын талаптарын толук аткарып, тамак-аштары халал процессинен өттү. Жыйынтыгынла Халал сертификаты ыйгарылды.
ЭСКЕРТҮҮ
Биздин орган тарабынан адалдыгы тастыкталган КФС азыктары төмөнкү даректе жайгашкан. КФСнин ушул филиалдарын гана тастыктадык.
«KFC» даректери:
— «ГУМ» СБ
— «Азия Молл» СБ
— «Бишкек парк» СБ
— Юнусалиев көчөсү, 185
— Абдрахманов көчөсү, 152а
Мындан ары «КFC» адал. Тагыраагы биздин көзөмөлдө.
Адалды талап кылыңыз. Адал – талап менен келет!