Адал жана арам сөздөрү Курандагы «халал» жана «харам» сөздөрүнөн кыргыз тилине багындырылган жана Аллах тарабынан уруксат берилген же тыюу салынган деген маани.
Эл аралык мамилелерде бул сөз түп нускасында сакталган. Ал эми күнүмдүк тиричиликте адал жана арам деп эле айтылып келет. Бирок, мындан бул сөздөр камтыган түшүнүктүр өзгөрбөшү керек.
Адал жана арам бир гана азык эмес, адмдын жашоосунун бүт чөйрөсүн, тамак-аштан баштап саясатка чейин камтыйт жана ал чөйрөлөрдө, мейли дамдын мамилелеринде болсун, кызмат көрсөтүүсү ибидат кылуусу же башкаруусу болсун Аллахтын уруксат берген жана тыю салган кырдаалдарын тапса болот. Ошондуктан мусулман жашоосун Шариатка карап башкарат, аны үйрөнөт жана ага үндөйт. Шариат тамк аш менен-дары-дармекке чочконун, кандын, өлгөн жана Аллахтын аты аталбай союлган малдын эти жана алкоголду арам деп бекиткен. Шариатта уруксат берилген өзгөчө абалдарды эске албаганда, арамга алып барган шарт жана каражат да арам болуп эсептелет.
Мындан башка дагы олуттуу суроолоруңуздар болсо инстаграм аркылуу @halal_industry баракчасына жөнөтсөңз, биз сөзсүз жооп беребиз.